Дүйнөлүк соода рынокто, Кыргызстанга импорттолгон негизги тамак-ашка болгон баанын саны жогорулап жатканы байкалууда. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Бул факторлорго, өлкөгө товарларды импорттоонун логистикасынын татаалдашуусу менен жана коңшу өлкөлөрдө ата мекендик этке болгон суроо-талаптын өсүшү, ошондой эле АКШ долларынын курсунун жогорулашы себеп болду.
«Ушул жылдын ноябрь айында жылдык инфляция 7,9% түздү. Учурдагы экономикалык шарттарда, 2020-жылдын аягына чейин инфляциянын убактылуу тездеши күтүлүүдө», - деп билдирди Улуттук банк.