Кыргызстандан каражаттар чыгарылып кетпеш үчүн SWIFT системасы өчүрүлдү

07.10.2020, 15:30 Акчабар
Кыргызстандан каражаттар чыгарылып кетпеш үчүн SWIFT системасы өчүрүлдү

Кыргызстандын ичинен банк жана эл аралык төлөм системалары аркылуу чет мамлекеттерге акча которуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук банк маалымдады.

«Өлкөдөн каражаттардын агылып кетүүсүн алдын алуу үчүн SWIFT чек ара төлөмдөрү дагы токтотулду», — деп билдирди Улуттук банктын өкүлү Аида Карабаева.

Кошумчалай кетсек, регулятордун маалыматына ылайык, үстубүздөгү жылдын январь айынан июлга чейин кыргызстандыктар чет мамлекетке 259.2 млн $ которулган. Анын ичинен 97.2% Россияга которулган.

Тэги: өлкө Кыргызстан эл аралык төлөм система

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть