Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү бир жыл ичинде 194.1 млн $ өскөн

24.04.2020, 17:15 Акчабар
Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү бир жыл ичинде 194.1 млн $ өскөн

ЕАЭБ боюнча тышкы карыз жалпысынан 2020-жылдын 1-январына карата 2019-жылдын 1-январына салыштырмалуу 5.5% же 36.8 млрд долларга жогорулаган. Тышкы карыздын көлөмүнүн жогорулоосу ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Казакстанда гана катталган эмес. Бул маалыматты Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.

Арменияда карыздын көлөмү - 11.8%, Белорусияда - 3.7%, Кыргызстанда - 2.4%, Россияда - 7.9% жогорулаган. Казакстанда тескерисинче - 1.2% кыскарды.

ЕЭКтин берген маалыматына ылайык, Кыргызстандын тышкы карызы үстүбүздөгү жылдын 1-январына карата 8 млрд 33 млн долларды түзгөн. Мындан туура бир жыл мурун бул карыздын көлөмү - 8 млрд 138.9 млн доллар болчу. Айырма +194.1 млн доллар. Баса белгилей кетүүчү нерсе, Кыргызстандын тышкы карызын өлкөнүн Борбордук казынасы эмес, Евразия экономикалык комиссия эсептеген. Эгерде финансы министрлиги бир гана мамлекеттик органдар тарабынан алынган карыздарды гана эсептесе, ЕЭК ага кошуп акча-насыяны жөнгө салуу уюмдарынын (банк ж.б. секторлор) карыздарын, андан сырткары түз инвестицияларды жана фирмалар аралык насыялардын суммасын дагы кошкон.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмүн тез арада өсүүсү - банк секторунун карызынын бир жыл ичинде 14.1% өскөнү менен шарттуу болгон. ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө башкача көрүнүш. Арменияда башка тармактардын карызынын жогорулашы менен, тышкы карыздын көлөмү 33.2% өсүп кеткен. Белорусияда акча-насыяны жөнгө салуу уюмдарынан улам тышкы карыз 15.7%, Россияда - мамлекеттик башкаруу органдарынын карызынан улам 59.2% жогорулаган.

Тэги: Тышкы карыз Кыргызстан банк ЕАЭБ ЕЭК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть