Опубликовано
11.06.2020, 07:552019-жылы кедейчиликтин деңгээли жалпы өлкө боюнча 20,1 пайызды түзүп, мурдагы жылга караганда 2,3 пайыздык пунктка төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
[news 20585]
Шаар жерлеринде кедейчиликтин деңгээли 5,4 пайыздык пунктка, ал эми айыл жерлеринде 0,5 пайыздык пунктка төмөндөгөн.
«2019-жылы кедейчиликтин жалпы чегинин нарктык көлөмү бир жылга киши башына 32 миң 981 сомду, эң төмөнкүсү 17 миң 706 сомду түздү. 2019-жылы кедейчиликтин чегинде 1 млн 313 миң адам жашаган. Алардын 73,8 пайызы айыл конуштарынын тургундары болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.
2019-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу кедейчиликтин деңгээли Таласта 8,8 пайыздык пунктка, Жалал-Абадда − 5,3%, Нарында − 2,5%, Баткен − 1,2%, Ошто − 0,7 жана Бишкекте − 3,5% жана Ош шаарында 14,8 пайыздык пунктка төмөндөгөнү белгиленген. Ошол эле учурда Чүй (3,5 пайыздык пунктка) жана Ысык-Көл (2,9 пайыздык пунктка) облустарында кедейчиликтин өскөнү белгиленген.
2019-жылы 0-17 жаш курагындагы 660,8 миң бала же ал курактагы балдардын 28,3 пайызы кедейчилик шартында жашаган.