2019-жылы Кыргызстанда кедейчилик 2,3% төмөндөгөн

11.06.2020, 13:55 Акчабар
2019-жылы Кыргызстанда кедейчилик 2,3% төмөндөгөн

2019-жылы кедейчиликтин деңгээли жалпы өлкө боюнча 20,1 пайызды түзүп, мурдагы жылга караганда 2,3 пайыздык пунктка төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Шаар жерлеринде кедейчиликтин деңгээли 5,4 пайыздык пунктка, ал эми айыл жерлеринде 0,5 пайыздык пунктка төмөндөгөн.

«2019-жылы кедейчиликтин жалпы чегинин нарктык көлөмү бир жылга киши башына 32 миң 981 сомду, эң төмөнкүсү 17 миң 706 сомду түздү. 2019-жылы кедейчиликтин чегинде 1 млн 313 миң адам жашаган. Алардын 73,8 пайызы айыл конуштарынын тургундары болуп саналат», - деп айтылат маалыматта.

2019-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу кедейчиликтин деңгээли Таласта 8,8 пайыздык пунктка, Жалал-Абадда − 5,3%, Нарында − 2,5%, Баткен − 1,2%, Ошто − 0,7 жана Бишкекте − 3,5% жана Ош шаарында 14,8 пайыздык пунктка төмөндөгөнү белгиленген. Ошол эле учурда Чүй (3,5 пайыздык пунктка) жана Ысык-Көл (2,9 пайыздык пунктка) облустарында кедейчиликтин өскөнү белгиленген.

2019-жылы 0-17 жаш курагындагы 660,8 миң бала же ал курактагы балдардын 28,3 пайызы кедейчилик шартында жашаган.

Тэги: кедейчилик пайыз төмөндөдү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть