Кыргызстанда күйүүчү май тартыш боло баштады

01.03.2021, 13:40 Акчабар
Кыргызстанда күйүүчү май тартыш боло баштады

Кыргызстанда күйүүчү май тартыш боло баштады. Исфанада бир эле май куюучу жай иштеп жатат. Бул тууралуу «24.kg» басылмасына шаардын жашоочулары билдиришкен.

«Бир эле май куюучу жер иштеп жатат. Күйүүчү май жок деп айтып жатышат. Бардык райондо тең ушундай эле көрүнүш. Бензиндин баасы 44-45 сомго чейин жогорулап кетти. Ошол эле учурда күнүнө 20-25 күйүүчү май ташыган унаалар контрабандалык жол менен Тажикстанга өтүп жатат», — деп билдиришкен жашоочулар.

Заур Кипкеев — «Нефтетрейдерлер бирлигинин» жетекчиси «Акчабарга», АИ-92 күйүүчү майга болгон талап бир гана Исфанада эмес. Нефтетрейдерлер мунайдын жетишсиздик маселесин көтөрүп жатышат, анткени учурда бензиндин көлөмү аз.

Андан сырткары, Кипкеевдин айтымында 2-3-класстагы бензинди ташып келүүгө тыюу салуу - күйүүчү майдын жетишсиздик кырдаалын күчөтүшү мүмкүн.

Белгиленгендей, мындай абал бир гана Кыргызстанда эмес. Казакстанда дагы күйүүчү майдын тартыштыгы жаралды.

Тэги: күйүүчү май Заур Кипкеев нефтетрейдер контрабанда

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть