Кыргызстан 5 миң тонна кумшекер жана 3 миң тонна өсүмдүк майын сатып алат

25.03.2021, 13:15 Акчабар
Кыргызстан 5 миң тонна кумшекер жана 3 миң тонна өсүмдүк майын сатып алат

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Кыргызстан 5 миң тонна кумшекер жана 3 миң тонна өсүмдүк майын сатып алат. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ички базарда азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана негизги азык-түлүк товарларына бааларды турукташтыруу максатында премьер-министр Улукбек Мариповдун тапшырмасы боюнча, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фонду кумшекер жана өсүмдүк майын сатып ала баштады.

Буга байланыштуу 506,294 тонна күн карама майы жана 3046 тонна кум шекер жеткирүү боюнча келишимдер түзүлдү.

Аталган продукцияларды Кыргызстанга импорттоону ушул жылдын апрель айында жүргүзүү пландалууда.

Тэги: кумшекер май Улукбек Марипов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть