Опубликовано
25.03.2020, 08:0025-мартта 112 миң 500 $ кошумча 30 миң экспресс-тест сатып алуу чечими чыккан. Жакынкы убакыт аралыгында бул тесттер КР Саламаттыкты сактоо министрлигине жиберилет. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдан билдиришти.
[news 22325]
Республикалык штабдын өтүнүчү менен КР Тышкы иштер министрлиги КР Кытайдагы Элчилиги менен биргеликте медициналык каражаттарды жана COVID-19 илдетин аныктоочу экспресс-тесттерди алып келүү иштерин жүргүздү.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанга ыкчам түрдө КР өкмөтү тарабынан 22 миң 500 $ 5 миң экспресс-тест алынып келинген.