akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Президенттин сайты

    Опубликовано

    02.06.2020, 11:20

    Президент Сооронбай Жээнбеков «2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Кредиттик макулдашууну (COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) жана 2020-жылдын 5-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Гранттык макулдашууну (COVID-19 пандемиясы менен күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо программасы) ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

    [news 24804]

    Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 28-майында кабыл алынган.

    Аталган Мыйзамга ылайык, Финансы министрлиги белгиленген тартипте Азия өнүктүрүү банкына жогоруда аталган макулдашуулардын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

    Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

    Маалымат катары:

    COVID-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө ыкчам чара көрүү жана чыгымдарды колдоо боюнча сунушталган программа коронавирустук инфекциянын (COVID-19) пандемиясынын ден соолукка, социалдык жана экономикалык чөйрөгө тийгизген олуттуу терс таасирлерин жумшартуу үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ыкчам аракеттерин колдоого багытталган Азия өнүктүрүү банкы (мындан ары — АӨБ) тарабынан көрсөтүлүүчү комплекстүү көмөктөшүү пакетинин бир бөлүгү болуп саналат.

    Аталган программаны ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттар АӨБ тарабынан 50 млн. АКШ доллары суммасында берилет, анын ичинде:

    — АӨБдүн гранты — 25 млн. АКШ доллары;

    — АӨБдүн кредити — 25 млн. АКШ доллары (кредит 24 жылдык мөөнөткө берилүүдө, анын ичинде 8 жыл — жеңилдетилген мезгил, узартуу берилген мезгилде пайыздык ставка — жылына 1% жана ар бир кийинки жылы — 1,5%).


    Читать похожее

    • 07.07.2024, 22:29:34
    • 30.04.2024, 01:23:17
    • 15.02.2022, 03:12:21
    • 18.02.2021, 03:30:44