Опубликовано
22.09.2020, 11:15Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-отурумунда эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдардын санын көбөйтүү маселеси талкууланды. Бул тууралуу отурумдан кийинки маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.
[news 28147]
Ал 21-сентябрдан тарта Россия менен аба каттам жанданганын белгилеп өттү.
«Бүгүн ал аба каттамдардын санын акырындап көбөйтүү маселесин сүйлөштүк», - деди ал.
Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук эпидемиолгиялык кырдаал турукташканына жараша аба каттамдардын санын көбөйтүүгө болорун билдирди.