Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

25.08.2020, 11:00

Бүгүнкү күнгө карата 534 миң долларга 158 тонна бал экспорттолду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

[news 27380]

Анын айтымында, картошка, бакча өсүмдүктөрү, сүт жана азыктарын экспорттоодо өсүштөр бар.

«Пандемиянын шартында болсо да бал, өрүк, жаңгак аз-аздан болсо дагы экспортко чыгууда. Быйыл 534 миң долларга 158 тонна бал эскпорттолгон. Ал эми Баткендин кургатылган өрүгүнүн экспорту 1,5 миң тоннаны түздү. Былтыркы жылдын ушул эле мезгилине карата 4 миң 945 тонна кургатылган өрүк экспорттолгон. Быйыл Ысык-Көлдүн өрүктөрү көп экспорттолду. Ал 25 миң тоннадан ашты», - деди ал.