Кыргызстанда халал индустриясы тууралуу мыйзам кабыл алынат

06.04.2021, 10:30 Акчабар
Кыргызстанда халал индустриясы тууралуу мыйзам кабыл алынат

Экономика жана Финансы министрлиги «КР халал индустриясы тууралуу» мыйзамды коомдук талкууга койду. Долбоор өкмөттүн сайтына жайгаштырылды.

Мыйзамды кабыл алуунун зарылчылыгы тууралуу ушул жылдын февраль айында талкууланган. Андан сырткары, экономисттер халал индустриясы жөнүндө Кыргызстанда тийиштүү мыйзам долбоору болбогондуктан, бул тармак өнүкпөй жатат деп билдиришти.

«Мыйзамды кабыл алуу менен, улуттук экономиканын секторун халал индустрия аркылуу жогорулатууга мүмкүнчүлук түзүлөт. экономиканын реалдуу секторуна юридикалык жактардын жана жарандардын убактылуу эркин акча каражаттарын тартуу, азыркы эпидемиологиялык шартта жана экономикалык рецессия мезгилинде Кыргызстандын экономикасын жандантууга жана өнүгүүсүнө алып келет», — деп жазылат маалыматта.

Тэги: халал-индустрия министрлик Мыйзам долбоору улуттук экономика сектор

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть