Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген 9 оң рулдуу унаа кармалды

23.07.2020, 12:00 Акчабар
Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген 9 оң рулдуу унаа кармалды

Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келген 9 оң рулдуу унаа кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Каржы полициясы) билдиришти.

Каржы полициясынын Жайыл жана Панфилов району боюнча аймактар аралык бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан «Чалдыбар - унаа жолу» көзөмөл бекетинде үч жүк ташуучу унаа кармалган: «Рено Премиум», «Вольво FH12» жана «Вольво FH13». Ал унаалардын чиркөөсүндө оң рулдуу үчтөн унаа болгон.

Ошол эле учурда документтерде жүк ташуучу унааларда унаа тетиктери алынып келе жатканы жазылган.

Каржы полициясынын Чүй облусу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан ал унаалар Японияда өндүрүлгөнү, эч кандай бузугу жок экенин аныкталган.

1998-жылдын 20-апрелиндеги «Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы тууралуу» мыйзамынын 21-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык коммуналдык чарба, айыл чарба, жол куруу арналган жана КР өкмөтү тарабынан белгиленүүчү унаа каражаттарынан тышкары оң рулдуу унааларды каттоо, Кыргызстандын аймагында жол кыймылында пайдалануу үчүн ташып келүүгө тыюу салынат.

Тэги: Кыргызстан мыйзамсыз унаа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть