Кыргызстандан Орусияга чартердик рейске уруксат берүүнү өтүнүчү айтылды

30.12.2020, 10:20 Акчабар
Кыргызстандан Орусияга чартердик рейске уруксат берүүнү өтүнүчү айтылды

Артем Новиков орусиялык штабдан кыргыз авиакомпаниялары жүргүнчүлөрдү эки тараптуу ташуучу чартердик каттамдарды аткаруга уруксаат алуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүү өтүнүчүн билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Россиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту.

Жолугушууда кыргыз өкмөтү тарабынан товарларды маркировкалоо жана көзөмөлдөө тутумун киргизүү боюнча өкмөттөр аралык келишимдин долбоору жактырылып, ага кол коюлганы айтылды.

Андан сырткары, эки өлкө кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын катарында темир жол байланышын активдештирүү, коронавирус инфекциясынан вакциналарды сертификатташтыруу жана камсыздоо маселеси жана эки өлкөнүн тармактык ведомстволору ортосундагы COVID-19 диагностикалоо жана дарылоо боюнча мындан аркы кызматташтык маселеси талкууланды.

Тэги: Артем Новиков орусиялык штаб авиакомпания жүргүнчү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть