Кыргызстан менен Өзбекстан контрабандага жана бажы мыйзамдарынын бузулушуна каршы бирге күрөшөт

16.03.2021, 17:10 Акчабар
Кыргызстан менен Өзбекстан контрабандага жана бажы мыйзамдарынын бузулушуна каршы бирге күрөшөт

КР Экономика жана финансы министрлиги жана Өзбекстандын Мамлекеттик бажы комитети контрабандага жана бажы мыйзамдарынын бузулушуна каршы күрөш жүргүзүүдө кызматташуу тууралуу келишимге кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Белгилүү болгондой, документке Кыргызстан Өкмөтү жана Өзбекстан Өкмөтү ортосундагы 2000-жылдын 27-сентябрындагы бажы тармагындагы кызматташуу тууралуу Келишимди натыйжалуу ишке ашыруу, Тараптардын контрабандага жана бажы мыйзамдарынын бузулушуна каршы күрөшүүдөгү кызматташуусунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында президент Садыр Жапаров тарабынан кол коюлган.

Белгиленгендей, контрабанда, ошондой эле бажы иши тармагындагы укук бузуулар эки өлкөнүн экономикалык, соода, финансы, социалдык жана маданий кызыкчылыктарына зыян келтирет.

Буга байланыштуу тараптар мамлекеттердин өз мыйзамдарына ылайык, контрабанданын жана бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, ачыкка чыгаруу, ага тыюу салуу жана аны иликтөө максатында, эң ириде, куралды, ок-дарыларды, жардыргыч заттарды, баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын прекурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүү жаатында кызматташат.

Мындан тышкары, аталган Келишим алкагында тараптар контрабандага жана бажы мыйзамдарынын бузулушуна каршы күрөшүү жаатындагы учурдагы жана токтоосуз милдеттерди ыкчам чечүү, ошондой эле маалымат алмашуу үчүн байланыштагы жактарды аныктоо менен биргелешкен жумушчу топту түзөт.

Тэги: министрлик Өзбекстан Кыргызстан Өкмөтү Өзбекстан өкмөтү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть