Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

21.10.2020, 03:45

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Париж клубу менен 10.9 млн доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик карызды төлөөнү токтото туруу боюнча келишим май айынан декабрга чейин күчүндө. Бул тууралуу финансы министрлиги билдирди.

[news 29182]

«16-июнда Париж клубунун мүчөлөрү менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Калган өлкөлөр жана өнөктөштөр менен бирге мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо боюнча жигердүү иштер жүргүзүлүп жатат», - деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын 31-июлуна карата республиканын мамлекеттик карызы 4 млрд 824.01 млн долларды (2020-жылга карата ИДПнын 63.49%) түзөт.

Анын ичинен:

  • 13.56% же 654.41 млн $, мамлекеттик ички карызды түзөт;
  • 86.44% же 4 млрд 169.6 млн $, — мамлекеттик тышкы карызды түзөт.

Эки тараптуу насыяга болгон карыздын көлөмү 2 млрд 249.76 млн $ (172 млрд 681.08 млн сом) түзөт. Башкы бөлүгү же 1 млрд 776.3 млн $ - Кыргызстан Кытай алдына карыз.


Читать похожее

  • 25.06.2024, 23:32:24
  • 12.02.2024, 00:15:43
  • 01.02.2024, 04:40:44
  • 29.01.2024, 21:35:31