Кыргызстан президенттик шайлоо жана конституциялык реформаны өткөрүү үчүн БУУдан жардам сурады

07.12.2020, 09:30 Акчабар
Кыргызстан президенттик шайлоо жана конституциялык реформаны өткөрүү үчүн БУУдан жардам сурады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги президенттик шайлоо жана конституциялык реформаны өткөрүү үчүн БУУдан техникалык колдоо көрсөтүүнү суранды. Бул тууралуу ведомствонун сайтында маалымдалат.

Муну менен катар, Кыргызстан тарап эл аралык келишимдердеги өз милдеттерин аткарууга жана мыйзамдуулукту толук сактап, адам укуктарын коргоого убада берди.

Өз кезегинде БУУнун өкүлү, Кыргызстандагы өзгөрүүлөр жакшы нукка бөлүнгөнүн белгилеп өттү. Ошондой эле конституциялык реформаларды коомчулуктун кеңири катышуусу менен талкуулоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү керектигин, муну менен элдин ишеними бекемделе тургандыгын белгиледи.

Тэги: Шайлоо БУУ жардам

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть