Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу долбоору каржыланат

08.06.2020, 15:30 Акчабар
Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу долбоору каржыланат

Бюджет жана финансы комитетинин депутаттары бүгүн, 8-июнда Кыргыз Республикасынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоцияциасынын ортосунда «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорун каржылоо жөнүндө Макулдашуунун долбоорун карашты. Бул маселе боюнча ӨКМдин статс - катчысы Азамат Мамбетов баяндама жасады.

Анын айтымында, Келишимдин максаты «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорун ишке ашыруу үчүн мамлекеттик инвестиция тартуу болуп саналат.

«Бул долбоор беш компоненттен турат, анын ичинде табигый кырсыктарга даярдык жана ыкчам аракет жасоо системасын жакшыртуу, мектептердин, балдар бакчаларынын коопсуздугун жогорулатуу, Өзгөчө Кырдаалдарда камсыздандыруу системасын өнүктүрүү, ошондой эле Өзгөчө Кырдаалдардын алдын ала каралбаган чыгымдары бар», - деп белгиледи ал.

Депутаттар бир катар суроолорду беришип, сунуш пикирлерин айтышты.Талкуунун жыйынтыгында «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорун колдоо чечими кабыл алынды.

Тэги: Кыргызстан табигый кырсыктар иштер

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть