Кыргызстандын тышкы карызы ИДПга карата 56,2%ды түзөт

01.10.2020, 14:00 Акчабар
Кыргызстандын тышкы карызы ИДПга карата 56,2%ды түзөт

Кыргызстандын тышкы карызы ИДПга карата 56,2%ды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.

2020-жылдын 31-июлуна карата өлкөнүн мамлекеттик карызы (ички жана тышкы карыз) 4 млрд 824,01 млн долларды түзгөн. Анын ичинен 4 млрд 169,6 млн доллары тышкы карыз болуп саналат.

Каржы министрлиги белгилегендей, тышкы карыз 200гө жакын насыядан туруп, анын басымдуу бөлүгү (98%ы) жеңилдетилген шарттар менен алынган.

Кыргызстан бересесинин басымдуу бөлүгүн Кытай, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына жана Азия өнүктүрүү банкына карыз (72,7%) Кийинки орунда Япония (5,9%) жана Эл аралык валюта фонду (9,2%) турат. Кыргызстан тышкы карызынын 42,6%ын же 1 млрд 776,29 млн долларды Кытайдан алган.

«Каржы министрлиги тышкы карызды азайтуу боюнча иштерди туруктуу түрдө алып барып келет. 2017-2019-жылдар аралыгында карыз 4 млрд 89,9 млн доллардан 3 млрд 850,79 млн долларга чейин азайтылып, тышкы карыз ИДПга карата 45,5%ды түзгөн. Бирок COVID-19 пандемиясы менен байланышкан кризистен улам быйыл тышкы карыз ИДПга карата 56,2%ды түздү. Коронавируска байланыштуу алынган насыяларды эсептебегенде тышкы карыз ИДПга карата 42,6%ды түзөт», - деп билдирет министрлик.

Быйыл Кыргызстан сырттан 338,4 млн доллар алган. Анын ичинен 269 млн доллары насыя болуп эсептелет.

Министрлик учурда тышкы карызды реструктуризация кылуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирет.

Тэги: ИДП Тышкы карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть