Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү 4 млрд 169,6 млн доллар

15.09.2020, 17:20 Акчабар
Кыргызстандын тышкы карызынын көлөмү 4 млрд 169,6 млн доллар

2020-жылдын 31-июлуна карата мамлекеттик тышкы карыздын көлөмү 4 млрд 169,6 млн долларды түздү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик карызды 2020-жылдын аягына чейин тейлөөнү убактылуу токтотуу тууралуу иштер жүргүзүлүп келүүдө.

«16-июнь күнү Париж клубунун мүчөлөрү менен «Өз ара түшүнүшүү жөнүндө» Меморандумга кол коюлуп, анын жыйынтыгында ушул жылдын май айынан декабрь айына чейин Париж клубунун кредиторлорунун алдындагы карызды тейлөө убактылуу токтотулду. Ошондой эле ушул жылдын ичинде Сауд Өнүктүрүү фонду, Араб Экономикалык Өнүктүрүүнүн Кувейт фонду, Түркиянын өкмөтү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алардын алдындагы карызды тейлөө убактылуу токтотулду. Ошону менен бирге Кытайдын Экспорттук Импорттук банкы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар тараптан 2020-жылдын аягына чейин карызды тейлөө убактылуу токтотуулары тууралуу макулдук берилди. Бул чара Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 35 млн долларды же 2,6 млрд сомду үндөөгө мүмкүндүк берди», - деди ал.

Тэги: Тышкы карыз Өкмөт үйү Кубатбек Боронов

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть