Опубликовано
13.10.2020, 11:20Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында 3.5 млрд долларга жакындаган. 2019-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 22.1% төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
[news 28957]
Экспорт 3.5% жогорулап импорт тескерисинче, 31.6% төмөндөгөн. ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликтеги соода жүгүртүүдө экспорттун көлөмү 22%, импорт 18.6% төмөндөгөн.
Кыргызстандын ЕАЭБ менен бирге соода жүгүртүүсү 2020-жылдын январь-август айларында 1.5 млрд долларга жакын түзгөн. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөндөө 19.4% түзгөн», — деп билдиришкен ведомстводон.
Тышкы соода жүгүртүүнүн 65.7% менен КР Россия менен, 32.3% Казакстан менен жүгүрткөн.