Кыргызстан жана Украина бизнес-байланыштын активдүүлүгүн талкуулашты

12.03.2020, 10:30 Акчабар
Кыргызстан жана Украина бизнес-байланыштын активдүүлүгүн талкуулашты

2020-жылдын 11-мартында КР Украинадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Жусупбек Шарипов Харьков областына болгон жумушчу сапарынын алкагында Харьков областынын мамлекеттик администрациясынын төрагасы Алексей Кучер менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн учурунда Тараптар Кыргызстан менен Украинанын Харьков областынын ортосундагы соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыгынын перспективдүү жактары тууралуу сүйлөшүштү.

Тараптар, ошондой эле, айыл чарба, жеңил өнөр-жай, IT-тармагында кызматташууга кызыктар болгон бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүнүн активдүү кызматташуусу, гидроэнергетика тармагында иштешүү, багыттар боюнча форумдарды өткөрүү, Жалал-Абад жана Харьков областтарын боордош кылуу, Харьков шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугун ачуу жөнүндө сүйлөшүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара макулдугун жана кызыктар экендигин билдирип, кийинки кадамдарды белгилешти.

Жолугушуунун аягында Элчи Ж.Шарипов Харьков областынын сыйлуу конокторунун каалоо-тилектеринин китебине өз каалоосун жазып кетти.

Тэги: Кыргызстан Украина бизнес-байланыш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть