akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    23.02.2021, 10:15

    Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаевдин Япониянын Яманаси шаарынын мэри Харуо Такаги менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууга аталган шаардын депутаттары дагы катышкан.

    [news 32398]

    Маалыматка ылайык, жолугушууда Яманаси менен Кант шаарларынын ортосунда боордош шаарлар мамилелерин орнотуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө пикир алмашуу болгон.

    Ошону менен бирге, Японияга Кыргызстандан бал импорттоо, биргелешип шарап өндүрүү, ошондой эле адамдык ресурстарды тартуу жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берилген.


    Читать похожее