Опубликовано
25.12.2023, 09:00Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылдын акыркы негизги милдеттеринин бири катары күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурууну күч органдарынан талап кылды. Бул тууралуу ал УКМКнын Чүй облусу боюнча Москва райондук башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.
Анын айтымында, карапайым калк үй-жайынан, мүлкүнөн ажырап, үстөк пайызы жогору насыяга акча берген күрөөканалардын кызматынан пайдаланышат.
“Буга байланыштуу УКМК төрагасы Улуттук банкты өлкөдө ломбарддардын ишмердигинде лицензиялардын бар-жоктугун текшерүүгө чакырды, алардын пайыздык ставкасы 30%дан ашпоого тийиш. Эгерде күрөөканалардын ээлерине карата мыйзам бузуулар аныкталса, өлкө мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт”, - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.