Кубанычбек Жумалиев 33 фирмасын декларацияда көрсөткөн эмес

19.11.2019, 14:38 Акчабар
Кубанычбек Жумалиев 33 фирмасын декларацияда көрсөткөн эмес

«Бир Бол» фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев Салык кызматынан өзү негиздөөчүлөрдүн бири болгон 33 фирманы жашырып койгон. Баардык компаниялар Кыргызстандын аймагында каттоого алынган. Айрымдарында ал жетекчи катары дагы деле катталып турат. Бул тууралуу Economist.kg билдирди.

Кубанычбек Жумалиев ар кайсыл жылдары Унаа жана жолдор министрлигинде жана өкмөттө башчы болуп турган. «Расмий маалымат боюнча, ал айына 47 миңден 84 миң сомго чейин каражат табат. Мындай сандар 2015-2016-жылдар үчүн депутаттын салык декларациясында көрсөтүлгөн», — деп жазылат ЖМКда.

Басылманын маалыматына ылайык, Кубанычбек Жумалиев депутат болуп турганда болгону 2 декларация берген (2015,2016). 2017-жылы маалымат берген эмес.

Декларацияда ал расмий айлыгын, 507 чарчы метрлик үйүн, 316 чарчы метрлик батирин жана унаасын көрсөткөн. Туугандарында 1 миң 242 чарчы метрлик үйү жана 2007-жылы чыккан «Ауди» унаасы бар экени айтылат.

Кубанычбек Жумалиев 33 фирмада үлүшү бар экенин көрсөткөн эмес. Бирок, бул маалымат Адилет министрлигинин ачык базасында жана OsOO.kg сервисинде бар.

«Жумалиев жогорку мамлекеттик кызматка 90-жылдын башында эле келген, болгону 2005-жылдан 2015-жылга чейин тыныгуу болду. Бул аралыкта ал Улуттук Илимдер Академиясында илимий ишмердүүлүк менен алектенди. Мамлекеттик кызматта иштеп жаткан маалда ал 33 фирманын ичинен 11 фирмасын ачканга үлгүрдү. Анын 8и азыркы чакырылыштагы депутат болгондо ачылган», — дейт басылма.

12 компания депутат өзү катталган даректе каттоого алынган. Дагы 6 компания Анкара 1/17 дарегинде катталуу. Ал жакта Эл аралык медициналык университет орун алган.

Эске салсак, дал ушул университеттин айланасында былтыр чуу жаралган. Анда Кубанычбек Жумалиевдин жубайы, ырчы Роза Аманова окуу жайдын жетекчиси болуп дайындалган эле.

«Анын артында дагы ар кыл багыттагы 15 фирма катталуу. Бул тууралуу өзүнчө макала болот. Анткени алар тууралуу депутаттын декларациясында жазылган эмес. Салык декларациясында Роза Аманова депутаттын жакын тууганы статусуна ээ», — деп билдирет Economist.kg.

Кубанычбек Жумалиев кош негиздөөчү болгон компаниялар:

1. «Академик К.М.Жумалиев атындагы физикалык-математикалык мектеп-лицей» билим берүү комплекси.

2. «Дастан» технологиялык университети.

3. Бишкек эл аралык авиациялык институту.

4. Инновациялык технологиялар эл аралык университети.

5. Телекоммуникация, экономика жана инновациялык кесиптер колледжи .

6. Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи.

7. Кыргыз тоо-геологиялык транспорттук колледжи.

8. Бишкек компьютердик система жана технология колледжи.

9. Илимий изилдөө институту, Exiton Corporation («Экситон Корпорейшн»).

10. Mudarris («Мударрис») ЖЧК.

11. «Три Льва» ЖЧК.

12. «САНЧЭН» (SANCHEN) ЖЧК.

13. «Шеньхуа» ЖЧК.

14. «АЖАИ» ЖЧК.

15. «Атриум-констракшн» ЖЧК.

16. ANT Co («АНТ Ко») ЖЧК.

17. «ЭЛЕКТРОКОМ» ЖЧК.

18. «Первый металлургический комбинат» ЖЧК.

19. «Транзит Азия Телеком» ЖЧК.

20. Yontan Energy Co., Ltd («Йонтан Энерджи Ко., Лтд») ЖЧК.

21. «Манас Коал» ЖЧК.

22. «Центр трансфера технологий» мекемеси.

23. «Кыргыз-Глав-Цемент» ЖЧК.

24. «Первая Бумажная Фабрика» ЖЧК.

25. «Деко Дом» ЖЧК.

26. «Золотой Кирпич» ЖЧК.

27. «Сары-Таш гравий» ЖЧК.

28. «Южные золотые ворота» ЖЧК.

29. «Быстрый платеж» («Тез Төлөм») ЖЧК.

30. «Тез Финанс Кредит» микрокредиттик компания.

31. «Курманбек плюс» ЖЧК.

32. «Курманбек» ЖЧК.

33. «Физтех» ЖЧК.

Тэги: декларация 33 фирма Кубанычбек Жумалиев \ Депутат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть