Эксперт: Күйүүчү майдын баасы 60 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

24.03.2021, 10:30 Акчабар
Эксперт: Күйүүчү майдын баасы 60 сомго чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Орусиялык мунай сатуучулар бийликке күйүүчү майды ички рынокко ташууда салынган нарк салыгынын көлөмүн төмөндөтүү боюнча бийликке кайрылды. Алар эскертип кеткендей, жакынкы аралыкта күйүүчү майдын баасы дагы 14% жогорулашы мүмкүн.

Учурда Кыргызстанда баа күн сайын эмес, саат сайын өсүүдө. Жыл башында күйүүчү майдын баасы 23% жогорулап, АИ-92 — 47.9 сомду, АИ-95 — 48.9 сомду түзгөн.

Кыргызстанда баанын өсүшүнө бир нече факторлор тийиштүү. Анын ичинен эксперттер билдирип кеткендей, Орусияда мунай өндүрүштүн көлөмүнүн азайышынан улам, ички рыноктогу күйүүчү майдын тартыштыгы жана сомдун долларга карата төмөндөөсү себеп. Анткени мунай америка валютасы менен сатылат.

Акыркы күндөрү бир баррель мунайга болгон баанын төмөндөшү байкалууда, бирок мунай сатуучулар союзунун директору Заур Кипкеевдин айтымында, буга карабастан күйүүчү майга болгон баа төмөндөбөйт.

«Европада автоунаа күйүүчү майдын баасы жакынкы арада төмөндөбөйт. Орусиялык мунай жеткирүүчүлөр бензиндин баасын 51 сомдон ташууда. Бир-эки айдан кийин май куюучу жайларда бензиндин литри 60 сомго чейин жогорулашы мүмкүн», — деп билдирди Кипкеев.

Ал кошумчалап кеткендей, Россияда жазгы талаа иштерине байланыштуу күйүүчү майга болгон талап жогорулайт. Бул айрым күйүүчү майга болгон дефицитти жана баалуулукту жаратат.

Эске сала кетсек, дүйнөлүк рыноктогу чийки затка болгон дефицит үстүбүздөгү жылдын февраль айында күйүүчү майга болгон баанын өсүшүнө алып келди. Ал эми 4-мартта ОПЕК+ өлкөлөрү мунай казунуун көлөмүн көбөйтүү боюнча пландалган сүйлөшүү жүргүзүлгөн жок.

Эске сала кетсек, Кыргызстан менен Орусия ортосундагы нарк салымсыз күйүүчү майды жеткирүү боюнча келишимдер бар. Бул келишимдерге ылайык, өкмөт башчы Орусиядан жакынкы күндөрү 1.1 млн тонна күйүүчү май сатып алары тууралуу билдирген. Белгилей кетүүчү нерсе, Орусия көптөгөн жылдар бою базар монополисти болуп келишет. Буга байланыштуу, көпчүлүк жарандар бензинге болгон баанын көзөмөлсүз жогорулап жаткандыгын билдиришүүдө.

«Өткөн жылы Казакстан ай сайын 100 миң тонна күйүүчү май Кыргызстанга, Казакстанга, Өзбекстанга экспорттогон. Бирок, азыркы учурда Казакстан тышкы рынокко күйүүчү майды экспорттоону токтотту. Мындай көрүнүш жай мезгилинин ортосуна чейин уланышы мүмкүн. Эгерде Казакстан экспортту токтотпогондо, баа мынчалык деңгээлде жогоруламак эмес. Күйүүчү майга болгон баа эл аралык агненттик тарабынан коюлат», — деп түшүндүрдү Кипкеев.

Кыргыз мунай ташуучулары башка ыңгайлуу жолду табууга дагы аракет кылышкан. Кипкеевдин айтымында, импорттоочулар Түркмөнстандан дагы май сатып алууну талап кылышкан, бирок аларга биржага кирүү кыйын болгон. Анда сырткары, өлкө бензинге дагы 5% кошкон ЕАЭБдин катарына кирбейт.

Тэги: күйүүчү май бензин ички рынок АИ-92 АИ-95 Заур Кипкеев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть