Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

18.03.2021, 07:00

Өкмөт кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү брифингде айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

[news 33176]

Анын айтымында, 2020-жылга карата маалымат боюнча, кумшекердин 56%ы ата мекендик компаниялар тарабынан өндүрүлөт, калган 44%ы коңшу өлкөлөрдөн импорттолот. Россия, Казакстан жана Тажикстанда кумшекердин баасы өскөнүнө байланыштуу Кыргызстанда да социалдык керектөөдөү азык-түлүктөргө баанын өсүү тенденциясы байкалууда.

«Азыркы учурда өлкөдө эң керектүү азыктардын тартыштыгына жол бербөө жана алардын баасын түшүрүү үчүн КР премьер-министри Улукбек Марипов токтомго кол койду, ага ылайык, өлкөдөн кумшекер жана өсүмдүк майын экспорттоого тыюу салынат», - дейт министр.

Белгилүү болгондой, азыркы учурда эң зарыл болгон азык-түлүктүн жетишсиздиги байкалбайт, мындай чара аргасыздан жана убактылуу болуп саналат.


Читать похожее

  • 06.06.2024, 01:41:59
  • 06.05.2024, 22:00:41
  • 05.05.2024, 22:50:47
  • 17.01.2024, 22:04:47