Кыргызстандыктардын көпчүлүгү «Mercedes-Benz» автоунаасын айдашат

15.12.2020, 14:00 Акчабар
Кыргызстандыктардын көпчүлүгү «Mercedes-Benz» автоунаасын айдашат

«Унаа» мамлекеттик мекеменин маалыматына ылайык, 2020-жылдын декабрь айына карата 1.4 млн автоунаа катталган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Жалпысынан Кыргызстанда 1.7 миң ар түрдүү маркадагы авто унаалар катталган.

Топ-5ке «Mercedes-Benz», «АвтоВАЗ», «Дэу», Toyota и HONDA автоунаалары кирген. Жалпысынан Кыргызстандын жолунда жүргөн 138.2 миң Мерседес, 136.5 миң «ВАЗ», 133.5 миң «Дэу» маркасындагы автоунаалар бар. Жапониялык Toyota жана HONDA рейтингден 4-5-орунду ээледи. Бул автоунаалардан Кыргызстанда 124.8 миң жана 117.02 миң бар.

Кошумчалай кетсек, 5-орундан 10-орунга Корея, Германия, Россия жана Япониядан келген автоунаалар ээлеген.

Тэги: автоунаа Mercedes-Benz

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть