«Кыргыз почтасы»  24 өлкө менен эл аралык почта алмашууну кайра жандантты

25.06.2020, 09:30 Акчабар
«Кыргыз почтасы»  24 өлкө менен эл аралык почта алмашууну кайра жандантты

2020-жылдын 24-июнунан тарта «Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасы 24 өлкө менен эл аралык почта алмашууну (жазуу корреспонденциясынын почталык билдирүүлөрүн жиберүү жана кабыл алууну) кайра жандантты.

«Жазуу корреспонденциясына 2 килограммга чейинки жөнөтүүлөр кирет: бандеролдор, чакан баштыктар, почта карточкалары, каттар, белгиленген баалуулугу менен каттар. Ошондой эле атайын «М» каптар – ири көлөмдөгү басылма продукциясы менен эл аралык жөнөтүүлөр: кагаздар, китептер, журналдар. «М» кабынын максималдуу салмагы – 14,5 кг», - деп жазылат маалыматта.

COVID-19 жайылышын болтурбоо боюнча иш-чараларды эске алганда, эл аралык почта алмашуу жумасына бир ирет «Аэрофлот-Россия авиакаттамдары» ПАКтын учууларына ылайык ишке ашырылат.

Аны менен катар, авиаташууларга, транзиттик депешаларды иштеп чыгууга болгон жыл сайынкы базалык тарифтин жана Дүйнөлүк почта уюмунун мүчө-өлкөлөрүнүн тарифтин кирген кургак жер үстүндөгү үлүшүнүн өзгөрүшүн эске алганда, ошондой эле бара турчу өлкөдөгү кызматынын сапатынын көрсөткүчтөрүнө жараша эл аралык соңку чыгашаларды төлөө өзгөрүшү менен, 2020-жылдын 1-июлунан тарта оптимизацияланган тарифтер күчүнө кирет. Жаңыланган тарифтерди “Кыргыз почтасы” МИ сайтынан көрүп, жүктөп алса болот.

Дүйнө жүзүндө жарыяланган коронавирус пандемиясына байланыштуу, эл аралык почта жиберүүлөрүн жеткирүүдө кармалуулар болушу ыктымал.

Эске салсак, коронавирус инфекциясынын пандемиясынан улам дүйнөдөгү абалдын курчушу менен, 18-марттан баштап 40 өлкө менен, ал эми 27-марттан баштап бардык өлкөлөр менен почта билдирүүлөрү убактылуу токтотулган.

Тэги: Кыргыз почтасы Мамлекеттик ишкана эл аралык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть