«Кыргыз почтасы» пенсия, жөлөк пулдарды үйгө чейин жеткизип берет

03.04.2020, 14:00 Акчабар
«Кыргыз почтасы» пенсия, жөлөк пулдарды үйгө чейин жеткизип берет

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери пенсия менен жөлөк пулдарды үйлөргө жеткирип берет. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлайт.

Маалыматта COVID-19 алдын алуу жана болтурбоо максатында бардык унаалар жана имараттар дезинфекцияланды, почтальондорго атайын кийимдер, көп жолу колдонулуучу беткаптар, кол каптар жана антисептиктер берилегени айтылат.

Апрелде пенсия, жөлөк пулдар эрте жеткирилет.

«Почтальондор ар бир алуучуга соцтөлөмдөрдү үймө-үймө жеткиришет. Зарыл болсо, алар дем алыш кундөрү да иштөөгө даяр. Эске салсак, почта кызматы ошондой эле дары-дармектерди жана азык-түлүктөрдү жеткирүү кызматтарын да көрсөтүшөт», — дейт штаб.

Тэги: пенсия жөлөк пул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть