Коронавирус инфекциясы менен күрөшүүнүн алкагында, Орусия Федерациясы Кыргызстанга гуманитардык жүк берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сө кызматы кабарлайт.
Гуманитардык жардам катары COVID-19 илдетин аныктоочу тест-системаларынын бир нече партиясы келди.
Жалпысынан жардамдын алкагында 80.7 миң изилдөөгө эсептелген ПЧР-тест-системаларынын 820 толук комплектиси жана 24 миң толук эмес изилдөөгө эсептелген 480 толук эмес жыйнак келген.