«Кыргыз автобекети» ишканасынын мамлекетке 9 млн сом карызы бар

19.04.2022, 12:15 Акчабар
«Кыргыз автобекети» ишканасынын мамлекетке 9 млн сом карызы бар

Унаа жана жолдор министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын бүгүнкү күнгө карата карызы 9 млн сомго жетти. Бул тууралуу аталган ишкананын жетекчиси Темирбек Анаркулов Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, мекеме Салык кызматына жана Социалдык фондго карыз.

“Жалпы 9 млндой карызыбыз бар. Ошого азыр кирешенин 50%ы Мамлекеттик мүлк фондуна которулат. Ал эми аижарага алынган имаратка 30%ы кетет. Ошондуктан, мүмкүн болсо, бизди 2-3 жылга салыктан бошотуу боюнча ушул жактан жардам берсеңиздер, карыздарыбыздан кутулуп алат элек”, —деди Анаркулов.

Белгилеп кетсек, аталган ишкана 2017-жылы түзүлгөн.

Тэги: карыз вокзал Жогорку Кеңеш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть