Опубликовано
22.02.2022, 04:40Бишкекте кыргыз ишкерлери менен Пакистандын бизнес өкүлдөрүнүн алгачкы жолугушуусу өттү. Соода-өнөр жай палатасынан билдиришкендей, делегациянын курамында 13 компаниянын өкүлдөрү келди.
Алар текстиль, энергетика, мейманкана бизнеси жана туризм, айыл-чарба, тамак-аш өнөр-жайы, сулуулук индустриясы, курулуш ж.б. экономиканын ар кайсыл тармактарында эмгектенгендер.
Иш-чаранын алкагында тараптар В2В жолугушуу өткөрүшүп, кызматташуунун жагдайларын талкуулашты. Мындан тышкары, андан аркы сүйлөшүүлөр үчүн байланыш жолдорун макулдашты.