Кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланды

25.08.2020, 10:20 Акчабар
Кыргыз-өзбек чек ара маселеси талкууланды

Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы дагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов менен жолугушту.

Маалыматка ылайык, тараптар 24-августта жолугушкан.

Жолугушууда тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлдерде өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулашкан.

Андан тышкары, Ниязалиев менен Мирзахидов кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессине өзгөчө көңүл бурушкандыгы кабарланды.

Тэги: Нуран Ниязалиев Өзбекстан Республикасы элчи чек ара

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть