«Кыргыз почтасы» ишканасы кайрадан ачык акционердик коому болуп түзүлдү

19.04.2022, 10:37 Акчабар
«Кыргыз почтасы» ишканасы кайрадан ачык акционердик коому болуп түзүлдү

Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы 100 пайыз акциясын мамлекеттик менчикте сактоо менен «Кыргыз почтасы» ачык акционердик коомуна кайра уюштурулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тийиштүү чечимге почта байланышын, анын ичинде банктык терминалдарга окшош атайын терминалдарды пайдалануу менен жарандарга пенсияларды жана жөлөкпулдарды берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу жана спектрин кеңейтүү, ошондой эле андан ары натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн потенциалдуу стратегиялык инвесторлордон түз инвестицияларды тартууга шарттарды түзүү максатында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

“Кыргыз почтасы” ААК “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленген. Ошондой эле Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондго “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасын акционердик коомго өзгөртүп түзүү боюнча иш-чаралардын комплексин белгиленген тартипте ишке ашыруусу тапшырылды. Ал эми өзгөртүп түзүлгөн “Кыргыз почтасы” ААКнын акцияларын фондулук биржада ажыратууга тыюу салуу белгиленди”,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кабыл алынган чечим Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген 2020-2022-жылдарга Кыргызстанда мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына шайкеш келгендиги маанилүү.

Тэги: Кыргыз почтасы түз инвестицияларды тартуу кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть