akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    15.12.2020, 09:20

    Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Коррупцияга каршы кызматы тарабынан «Кыргыз темир жолу «улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө жана жүргүзүүдөгү кезектеги коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

    [news 30866]

    Маалыматка ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалынын мурунку жетекчилиги жана жооптуу адамдары көзөмөлдөнгөн чарбакер субъекттердин катышуусу менен жогорулатылган баада мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө акча каражаттарын алуу боюнча туруктуу схеманы түзүп алышкан.

    Белгилей кетсек, мамлекеттик ишкананын Түштүк филиалынын мурдагы башчысы «Ю.Б.К.» темир жол тармагын өнүктүрүүнүн кызыкчылыктарына каршы келген мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында, жеке мамлекеттик сатып алуулар үчүн келтирилген чыгымдын суммасы 11 миллион сомдон ашты.

    2020-жылдын 14-декабрында көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания» мамлекеттик ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурдагы башчысы «Ю.Б.К.» кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

    Тергөө уланууда.


    Читать похожее