“Кыргызалтын” ААКга “Макмал” алтын кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдалануу укугу берилди. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Кен Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда жайгашкан.
Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө президенттин жана өкмөттүн чечимдеринин аткарылышын контролдоо бөлүмүнө жүктөлдү.