Кыргызстан бир жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 29,5 млрд сом жумшады

11.02.2022, 13:37 Акчабар
Кыргызстан бир жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 29,5 млрд сом жумшады

Өткөн жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызды тейлөөгө бюджеттен жалпы 29,5 млрд сом жумшалган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Мелс Аттокуров билдирди.

Анын айтымына караганда, анын ичинен 15,2 млрд сом тышкы карызды, 14,3 млрд сом ички карызды төлөөгө сарпталган.

Белгилей кетсек, акыркы маалыматтарга ылайык, мамлекеттик карыз 4 млрд 948 млн долларды түзөт. Анын ичинен 720 млну ички карыз. Ал эми өлкөнүн бекитилген бюджетине караганда, үстүбүздөгү жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө 39 млрд 528,2 млн сом жумшоо пландалууда. Тагыраагы, 26 млрд 681,5 млн сому тышкы карызды, 12 млрд 846,7 млн сом ички карызды төлөөгө сарпталат.

Тэги: Мамлекеттик карыз Тышкы карыз ички карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть