Кыргызстан былтыр бензин экспортун көбөйткөн

11.01.2024, 15:37 Акчабар
Кыргызстан былтыр бензин экспортун көбөйткөн

2023-жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстан башка өлкөлөргө 6 млн 445,8 миң литр бензин сатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.

Маалыматка ылайык, жалпысынан 2022-жылдын январь-октябрь айларына салыштырмалуу 5 млн 908 миң литрге көп экспорттолду. Жеткирүү 2,3 млн долларга бааланган.

Кыргызстан 3 млн 129,2 миң литр жана Грузияга 2 млн 614,9 миң литр бензин экспорттогон. Ооганстанга 700,7 миң литрге жакыны, Казакстанга аз өлчөмдө экспорттолгон.

Белгилеп кетсек, 2023-жылы (тагыраак айтканда, 2022-жылдын декабрына карата) Кыргызстанда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 5,9 сомго, АИ-92 3,58 сомго, АИ-80 2,98 сомго кымбаттаган. Бир гана дизель майы арзандады.

Экономика министрлиги учурда Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майлардын ички рыногунда абал туруктуу экенин белгилейт.

“Учурда республикада күйүүчү-майлоочу майдын жетиштүү запасы бар, бул өз кезегинде рынокто баанын турукташуусуна оң таасирин тийгизүүдө”, - деп билдирди ведомство.

Тэги: бензин экспорт күйүүчү май

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть