Кыргызстан менен Чехия ортосундагы кош салыктардын салынышы боюнча келишим ратификацияланууда

01.02.2020, 15:00 Акчабар
Кыргызстан менен Чехия ортосундагы кош салыктардын салынышы боюнча келишим ратификацияланууда

Жогорку Кеӊеште КР Өкмөтү менен Чехия Өкмөтүнүн ортосундагы ортосундагы Киреше салыгына карата кош салык салууну болтурбоо, салык төлөөдөн баш тартуунун жана салык салуудан качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул келишим Кыргызстан менен Чехиянын салыктык мыйзамдарында бири бирине карата жалпы мамилелерди иштеп чыгуу үчүн зарыл болот. Ошондой эле, эл аралык кош салык салуунун укуктук чөйрөдө пайда болгон жалпы көйгөйлөрдү жана милдеттерди чечүүнүн бирдиктүү формасы болуп саналат.

«Эки өлкөнүн ишкерлери, мисалы, Кыргызстанда иштеп пайда салыгын төлөсө, Чехияга төлөбөйт. Башкача айтканда, кош салыктан кутулат. Андан башка беш пайыздык дивиденд да каралган. Ошондой эле эгерде биздин студенттер Чехияда окуп, Кыргызстандан стипендия алса, ал жакка салык төлөбөйт. Автордук укук боюнча гонорарынан да алынчу салык - роялти көрсөтүлгөн, анда чыгармачы адамдар, илимпоздор гонорар алгандан кийин эки тарапка тең киреше салыгын төлөбөйт», - деди экономика министринин орун басары Дастан Кадыров..

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ушундай жакшы келишимдер же дагы башка документтер боюнча баяндама жасаган өкмөт өкүлдөрү көбүнесе адистик терминдер менен түшүнүктөрдү колдонгондуктан, карапайым калк эмне жөнүндө сөз болуп жатканын түшүнбөй кала турганын белгиледи. “Ушуну дайым эске алуу керек. Силдердин баяндамаңарды атайын адистер эле түшүнбөсө, карапайым адамдар анчалык деле түшүнбөйт. Ошондуктан, жөнөкөй сөздөр менен да чечмелеп берсеңер ашыкча болбойт”, - деди ал.

Эске салсак, Экономика министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 27 чехиялык компания катталып, учурда анын тогузу жигердүү иш алпарууда. Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү быйылкы жылдын сегиз айына карата 4 млн 200 миң доллардын тегерегинде болду.

Тэги: Кыргызстан Чехия кош салык ратификация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть