Кыргызстан экономикалык жактан эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кирди

17.02.2022, 14:30 Акчабар
Кыргызстан экономикалык жактан эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кирди

Кыргызстан Экономикалык эркиндик боюнча индексте (Index of Economic Freedom) быйыл 116-орунду ээледи.

Рейтинг жыл сайын экономикалык жана соода эркиндигинин даражасын, инвестициянын ачыктыгын, мамлекеттин экономикага кийлигишүүсүн, коррупциялык факторду жана башкаларды эске алуу менен 10 негизги категория боюнча эсептөөлөрдүн негизинде түзүлөт.

Республиканын экономикалык эркиндик деңгээли 100 баллдан 55,8 баллга бааланды.

Былтыркыга салыштырмалуу жалпы балл 7,9 баллга төмөндөдү. Кыргызстан экономикалык жактан эркин эмес өлкөлөрдүн катарына кирди. Рейтингде республикага коңшулар Габон (115-орун) жана Өзбекстан (117-орун) турат.

Сингапур 84,4 упай менен үчүнчү жыл катары менен рейтингде биринчи орунду ээледи. Алдыңкы үчтүккө Швейцария менен Ирландия кирген. Акыркы саптарды Куба, Венесуэла жана Түндүк Корея ээледи.

Тэги: экономика индекс рейтинг

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть