2019-жылы Кыргызстанда 413 миңден ашуун тонна эт өндүрүлгөн

27.01.2020, 10:15 Акчабар
2019-жылы Кыргызстанда 413 миңден ашуун тонна эт өндүрүлгөн

2019-жылдын аягына карата республикада бардык категориялардагы чарбаларында 413 миң 5 жүз тонна эт тирүүлөй салмакта өндүрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Мал чарба, асыл тукум иштери жана илим бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2018-жыл менен салыштырмалуу 2,5 пайызга эт көбүрөөк өндүрүлдү.

«Республикада эт өндүрүүнүн өсүшү малдын жана үй канаттуулардын санынын көбөйүшү менен байланыштуу. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, ири мүйүздүү малдын саны өткөн жыл менен салыштырмалуу 51 миң 862 башка көбөйгөн: кой жана эчкинин саны — 90 миң 174 башка, жылкылардын саны — 17 миң 355 башка жана үй канаттуулардын саны 99 миң 279 башка көбөйгөн», — деп билдиришти бөлүмдөн.

Тэги: Кыргызстан эт өндурүлгөн тонна

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть