Кыргызстан Германиядан инвестиция тартууну пландоодо

01.03.2024, 09:53 Акчабар
Кыргызстан Германиядан инвестиция тартууну пландоодо

Берлинде Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын “Sonnenernte GmbH” компаниясынын негиздөөчүсү Роман Шёнбергер жана “Allianz Henze Versicherung” камсыздандыруу компаниясынын директору Кристиан Хензе менен жолугушту. Бул тууралуу элчиликтен маалымдашты.

Элчи Ө.Текебаев компания өкүлдөрүнүнө Кыргызстандын энергиянын кайра жаралуучу булактары, энергияны үнөмдөөчү технологияларды ишке киргизүүгө багытталган бир катар иш-чаралар тууралуу маалымдады.

Немис компаниясынын өкүлдөрү компания күн жана шамал электр станцияларын куруу тармагында иш алып барарын маалымдашты. Жолугушуунун жыйынтыгында күн электр станцияларын куруу маселесин талкуулоо үчүн 2024-жылдын апрель айында германиялык компаниянын Кыргызстанга бааруусу макулдашылды.

Тэги: Германия инвестор инвестиция тартуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть