Кыргызстан менен Индия биомедицина боюнча кызматташышы мүмкүн

13.02.2020, 17:45 Акчабар
Кыргызстан менен Индия биомедицина боюнча кызматташышы мүмкүн

Жогорку Кеңеште илим жана медицина жаатындагы кыргыз - индиялык өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүү жана бекемдөөгө багытталган КР Өкмөтү менен ИР Өкмөтүнүн ортосундагы бийик тоолуу биомедицина боюнча биргелешкен илимий - изилдөө иштери жаатындагы кызматташтык меморандуму боюнча ратификациялык мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев бул келишим Кыргызстан менен Индиянын ортосунда илим, медицина, бийик тоолуу шарттагы көйгөйлөрдү иликтөө жана чечүү жаатындагы кызматташтык мамилелердин андан ары өнүгүшүнө өбөлгө түзөрүн белгиледи. «Келишимдин алкагында адам баласынын бийик тоолуу шартта жашоо мүмкүнчүлүктөрү изилденип, алар боюнча атайын усулдар иштелип чыгат. Бизде изилдөө жүргүзүүгө ыңгайлуу шарттар бар», - деди ал.

Келишимге ылайык, илимий изилдөөлөр КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук кардиология жана терапия борбору (УКТБ КР ССМ) менен Индиянын Коргоо министрлигинин Коргоо жаатында илимий-изилдөө жана өнүктүрүү уюмунун (DRDO) базасында түзүлгөн Кыргыз-Индия тоолуу биомедициналык илимий борбору (УКТБ КР ССМ) тарабынан ишке ашырылат.

Илимий изилдөө инфратүзүмдөрүн (Төө-Ашуудагы илимий станция, Сөөк-Ашуудагы жаңы илимий станция) колдоо каражаттары Индиянын Коргоо министрлигинин Коргоо жаатындагы илимий-изилдөө жана өнүктүрүү мекемеси (DRDO) тарабынан берилет. Каражаттар Кыргызстан тарабынан Улуттук кардиология жана терапия борборунун эсебинен жабылып, мамлекеттик бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылбайт.

Депутаттар Индия азыркы учурда илим жана технология жаатында кыйла ыкчам өнүгүп жатканын белгилешип, бийик тоолуу биомедициналык илимий-изилдөөлөрдүн жыйынтыгын улуттук медицинанын башка тармактарында да пайдаланууга шарт түзүү, Индиянын илимий-изилдөө борборлорунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, кыргыз адистерин даярдоо жана алардын адистик деңгээлин көтөрүү зарылдыгын айтышты.

Андан тышкары, келишимдин алкагында заманбап жабдуулар менен жаңы технологиялар келип жатканы, илимий кызматкерлер өз ара тажырыйба алмаша баштаганы белгилүү болду. Андан тышкары, меморандумдун үчүнчү этабында табигый дары-дармектерди жасоо үчүн Кыргызстандын тоолорунда өскөн өсүмдүктөр менен жан-жаныбарлар дүйнөсүнүн дарылык касиети изилденет.

Белгилей кетсек, Саламыттык сактоо министрлигинин берген маалыматына караганда, эки тараптуу келишимдин алкагында Индия тарап 5 жыл аралыгында бул долбоорго 857 миң доллар инвестиция салат, анын ичинде жаңы жабдууларга – 300 миң доллар, чыгымдалчу материалдарга 350 миң доллар, Төө-Ащуудагы илимий станцияны кармоого жана Сөөк-Ашууда жаңы станцияны курууга – 200 миң доллар.

Тэги: Кыргызстан Индия биомедицина кызматташуу

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть