Кыргызстандын Кытайга төлөчү карызы 2020-жылдын аягына чейин токтотулду

23.07.2020, 10:20 Акчабар
Кыргызстандын Кытайга төлөчү карызы 2020-жылдын аягына чейин токтотулду

Кыргызстан 2020-жылы төлөй турчу тышкы карыздарды кийинки жылга калтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдүн негизинде бир катар макулдашууга жетишти.

2020-жылдын 15-апрелинде финансы министрлиги менен «Чоң жыйырма» өлкөлөрүнүн Борбордук банктын жетекчилиги тарабынан жакыр мамлекеттердин (Кыргызстан дагы бар) тышкы карызын токтото туруу демилгеси «Чоң жыйырма» жана Париж клубу жана Эл аралык валюталар фонду жана Дүйнөлүк банк тарабынан колдоого ээ болду. Бул демилгеге ылайык, Кыргызстан атайын кайрылуу жөнөткөн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын тышкы карыздарын төлөөнү 3-4 жылга чейин токтото туруу боюнча бардык кредиторлор (Сауд өнүктүрүү фонду, Кувейт Араб экономикалык өнүгүү фонду, Франция Республикасы, Германия Федеративдүү Республикасы, Дания Королдугу, Корея жана Япония республикасы) менен болгон сүйлөшүүлөр аягына чыгып калды.

Муну менен катар Кытай Эл Республикасы менен дагы сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктап, карызды төлөө 2020-жылдын аягына чейин токтотулду. Учурда жаңы шарттары иштелип чыгууда.

Тэги: Кыргызстан Кытай карыз

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть