Кыргызстан менен Кытай (СУАР) 1,2 млрд долларлык келишимдерге кол койду

03.04.2024, 09:15 Акчабар
Кыргызстан менен Кытай (СУАР) 1,2 млрд долларлык келишимдерге кол койду

Бишкекте өткөн “Кыргызстан – Кытай (СУАР)” бизнес-форумунда 1 млрд 151 млн долларлык келишимдерге кол коюлду.

Ошондой эле, энергетика жана тоо-кен тармактарында 1 млрд 151 млн долларлык 7 документке кол коюлду. Тараптар биргелешип ишке ашырууга макул болгон негизги долбоорлор энергетика тармагына топтолгон.

Форумга эки өлкөдөн айыл чарба, жеңил өнөр жай, туризм, курулуш, фармацевтика жана башка тармактардан 300дөн ашык ишкерлер катышты. Долбоорлорду ишке ашырууга даяр кытайлык 50дөн ашуун ири компания катышты. Ошондой эле, айыл чарба, медицина, билим берүү, санариптик өнүктүрүү, өнөр жай, туризм жана кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барган 50гө жакын жергиликтүү компаниялар болду.

Тэги: КР Кытайдагы Элчилиги СУАР бизнес-форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть