Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    01.02.2024, 07:34

    2023-жылы Кыргызстан Кытай менен 19,8 млрд долларга соода жүргүзгөн. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 4,43 млрд долларга же 29%га көп. Бул тууралуу “Логистан” телеграм каналы Кытайдын Бажы кызматына таянып жазды.

    Кытайга Кыргызстандын продукциясын жеткирүү 2%га көбөйүп, 0,08 млрд долларга чейин өскөн.

    Кыргызстанга кытай товарларынын импорту 4,43 млрд долларга же 29%га көбөйүп, 19,72 млрд долларга жеткен.

    Ал эми эң активдүү экспорт Кыргызстандын рудалары – 0,06 млрд долларга (+24%), пахта – 0,01 млрд долларга (+494%) экспорттолгон.

    Кытайдан Кыргызстанга импорттолгон эң мыкты 10 товардын катарына:

    • токулган эмес кийимдер — 3,85 млрд доллар (-20%)
    • унаалар жана тетиктер – 3,15 млрд доллар (+382%)
    • трикотаж кийимдер — $2,53 млрд (+15%)
    • бут кийим — 1,48 млрд доллар (–22%)
    • тиричилик техникасы — $1,31 млрд (+46%)
    • өнөр жай жабдуулары — $1,1 млрд (+70%)
    • синтетикалык жиптер — $0,68 млрд (+61%)
    • эмерек, төшөнчүлөр жана жарыктандыруучу буюмдар — 0,5 млрд доллар (+91%)
    • оюнчуктар жана спорттук шаймандар — $0,49 млрд (+76%)
    • булгаары буюмдары — $0,48 млрд (+24%)

    Читать похожее