Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

25.12.2023, 07:00

2023-жылдын он айында Кыргызстандын башка өлкөлөр менен соода жүгүртүүсү 12 млрд 298 млн долларды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 2 млрд 452 млн долларга же 25%га көп. Бул тууралуу Борбор Азиянын экономикасын жазган “Logistan” телеграм каналына жарыяланды.

Бул аралыкта Кыргызстан 2 млрд 444 млн долларлык продукцияны экспорттогон, бул өткөн жылга салыштырмалуу 558 млн долларга же дээрлик 30%га көп.

Импорттук түшүүлөр 9 млрд 854 млн долларга жетти, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд 895 млн долларга же 24%га көп.

Кыргызстандын алдыңкы 3 соода өнөктөшүнүн катарына төмөнкүлөр кирет:

  • Кытай – 4 млрд 309 млн доллар (+26%);
  • Орусия– 2 млрд 207 млн доллар (-25%);
  • Казакстан — 1 млрд 115 млн доллар (+14%).


Читать похожее

  • 13.08.2024, 21:55:15
  • 07.08.2024, 23:50:09
  • 29.07.2024, 23:17:41
  • 23.07.2024, 01:00:29