Кыргызстан менен Россия темир жол байланышын жандантууну талкууланды

27.04.2022, 13:33 Акчабар
Кыргызстан менен Россия темир жол байланышын жандантууну талкууланды

Москвада Кыргызстандын Россиядагы элчиси Гүлнара-Клара Самат “Россия темир жолу” ААКнын башкы директорунун орун басары Вячеслав Павловский менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда темир жол транспорту менен үзгүлтүксүз жүргүнчүлөрдү ташууну калыбына келтирүү жолугушуунун негизги темасы болду.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки мамлекеттин ортосунда темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташуулардын кайра жанданышы эки тараптуу мамлекеттер аралык кызматташтыктын стратегиялык мүнөзүнө жооп берет жана ишкер байланыштарды активдештирүүгө, кыргыз-россия эки тараптуу соодасынын өсүшүнө өбөлгө болот деген шайкеш пикирге келишти",- деп айтылат маалыматта.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Россиянын ортосунда темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну тезинен баштоого “Россия темир жолу” ААКсынын оң позициясы жана кызыкчылыгы билдирилди.

Тэги: темир жол элчи Гүлнара-Клара Самат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть