Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кош салыкты болтурбоо боюнча макулдашуу каралды

16.02.2022, 14:38 Акчабар
Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кош салыкты болтурбоо боюнча макулдашуу каралды

Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Кыргыз өкмөтү менен Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугунун өкмөтүнүн ортосундагы Кирешелерге жана капиталдын өсүшүнө кош салык салууну болтурбоо жана салыктарды төлөөдөн качуунун алдын алуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун карашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жыйында баяндама жасаган Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Жанарбек Акаев белгилегендей, макулдашуунун максаты өнөктөш өлкөлөр ортосундагы кош салык салууну болтурбоо жана ар бир мамлекетке кирешелердин жана капиталдын аныкталган түрлөрүнө салык салуу укугун бекитүү. Ошондой эле чарбакер субьекттердин кирешелерине жана капиталына карата ар кайсы өлкөдө бирдей салыктар менен кош салык салууну жокко чыгаруу болуп саналат.

"Аталган мыйзам долбоору киреше жана капиталдын белгилүү түрлөрүнө салык салуу укугун ар бир мамлекетке бекитип берүү жолу аркылуу өнөктөш өлкөлөр жана чет өлкөлөр ортосундагы өз ара салыктык мамилелерди жөнгө салууну камтыйт",- деп айтылат маалыматта.

Талкуу маалында депутат Арсланбек Малиев Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн сурады.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Канат Абдрахманов эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 2020-жылы 1 млрд сомдон ашык болгонун маалымдап, 2021-жылы 240 млн сомго чейин кыскарганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, жыйынтыгында мыйзам долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Тэги: Жогорку Кеңеш кош салык салууну болтурбоо

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть